Депутат Нуркамил Мадалиев сойкулук менен алектенгендер үчүн 1500 сом айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 17-июндагы отурумуна алып чыкты. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жарандарды адеп-ахлакка каршы аракеттерден коргоо жана сойкулук менен алектенгендердин санын кыскартуу, сойкулуктун алдын алуу, ошондой эле улуттук генофондду сактоо максатында иштелип чыкты.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө сойкулук менен алектенгендердин саны көбөйүп, натыйжада келечекте эне боло турган кыз-келиндер ден соолугунан ажырап жатышат. Сойкулуктун кесепетинен ар кандай жугуштуу оорулар пайда болуп, ошондой эле сойкулук ВИЧ-инфекция ооруларынын жайылышынын негизги себептеринен болууда. Мындан сырткары сойкулук коомчулуктагы адеп-ахлактын төмөндөшүнө, үй-бүлөдөгү мамилелердин бузулуусуна жана өсүп келе жаткан муундун таалим-тарбиясына терс таасирин тийгизет",- дейт депутат.