Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда президент Коргоо кеңешинин катчысы менен өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттарын, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Коргоо кеңешинин чечимдеринин аткарылышын талкууланды.

Темир Жумакадыров диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. "Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштү мындан ары да күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин белгилеп, Коргоо кеңешинин катчысын бул маселелерди кезектеги жыйында Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна алып чыгууга милдеттендирди",- деп билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан