Бүгүн, 17-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат Курмантай Абдиевдин ордуна Алмасбек Абытовдун келери бекитилди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жаңы депутатка төш белги жана күбөлүк тапшырылды.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына К.Абдиевди жактырган.