Жанар Акаев: "Президент кыргыз футболчуларынын чеберчилигине абдан ыраазы болду"

"Президент Алмазбек Атамбаев кечээги футболдук беттешке баштан-аяк көз салды. Биздин футболчулардын чеберчилигине жана Азия чемпиондорунан жазганбай ойногонуна өлкө башчысы абдан ыраазы болду",- деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев бүгүн, 17-июнда өзүнүн интернеттеги социалдык баракчасы аркылуу. Маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасы-Австралия беттешинде орун алган кемчиликтерди мамлекет башчы премьер-министр менен талкуулады. 

"Президент билет сатып алып, бирок стадионго киргизилбеген футбол күйөрмандары көп болгонуна, стадиондогу уюштуруу иштеринин начардыгына ачууланды. Алмазбек Атамбаев бул кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча стадиондун жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын өкмөт башчы Темир Сариев менен сүйлөштү. 

Борбордук стадионду эл аралык стандарттарга ылайыктоо жагын кароо өкмөткө сунушталды. Кандай шартта болбосун, футбол таймашын уюштурууда катачылыктарга жол берилбеши керек болчу, мен билгенден буга байланыштуу стадион жетекчилигине, уюштуруучуларга сөзсүз чара көрүлөт",- дейт Акаев. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан