Президент Алмазбек Атамбаев 18-20-июнь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчы Эл аралык экономикалык форумга катышмакчы. Форумдун алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушары да пландалууда.