Каржы министрлиги: "Кыргыз мамлекети менен Германиянын ортосунда маанилүү макулдашууга кол коюлду"

Каржы министрлигинде 15-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы KfW (Экономиканы калыбына келтирүү боюнча кредиттик институт) жергиликтүү бюросун негиздөө тууралуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга каржы министри Адылбек Касымалиев менен Германиянын кыргыз жериндеги элчиси Срэга Гудрун Мария кол коюшканын министрликтен кабарлашты.

"Аталган бюронун ачылышы Кыргыз Республикасы менен KfW бюросунун ортосундагы алакалар бекемделип жаткандыгын жана жаңы сапаттык деңгээлге чыккандыгын айгинелеп турат. Германия өкмөтүнүн KfW бюросу аркылуу көрсөткөн каржылык колдоосунун аркасында кыргыз жеринде өлкө үчүн маанилүү болгон социалдык сектордо: саламаттык сактоо жаатындагы долбоорлор ишке ашырылууда",- деп билдирет мекеме.

Германия өкмөтү өлкөлөр ортосунда дипломатиялык алакалар түзүлгөн күндөн азыркы убакка чейин кыргыз мамлекетине 190 миллион доллар жардам көрсөткөнү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан