Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 17-июнда санариптик телеберүүгө старт берди. Өкмөт башчы биринчи мультиплекске кирген телеканалдардын социалдык пакети жайгашкан жабдыктар жана орнотулган санариптик өткөргүчтөрдүн картасы менен таанышты.
Премьердин билдиришинче, санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында республикалык бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн, анын 100 миллион сому 2014-жылы, кошумча түрдөгү 100 миллион сому 2015-жылдын башталышында жана дагы 100 миллион сому 2015-жылдын бюджетинде каралган.
“Аталган каражаттар Жер үстүндөгү санариптик обо берүү телеканалдарынын социалдык пакетине кирген телерадиокомпаниялардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоого мүмкүндүк берди”,- деп билдирди Сариев.
Белгилей кетсек, санариптик берүү алкагында 8 телеканалдан турган социалдык пакет түзүлгөн. Ал кыргыз мамлекетинин бардык жарандары үчүн акысыз болот. Болгону сыналгыга керектүү ресивер жабдуусун гана сатып алуу керек.