"Кыргыз мамлекетинде жыл сайын 17 тоннага жакын алтын өндүрүлөт. Бирок анын дээрлик 100 пайызы экспортко чыгып кетүүдө. Анын ордуна өзүбүздүн ички рыногубузду калыптандырып, алтын резервдерибизге көңүл буруу максатында Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тармактык комитетте колдоо тапкан",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бүгүн, 17-июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде.
Ал мыйзам аркылуу кыргыз өлкөсүндө банктык баалуу металлдар рыногун түптөп, элге жана ишкерлерге жыйым топтоонун жана инвестициялоонун жаңы альтернативалуу куралы сунушталып жатканын айткан депутат баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү жылдан-жылга күчөп жатканда аларга болгон бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарыл экенин белгиледи. "Экономика министригинин маалыматтарына караганда, 105 тонна баалуу металл кендери сыртка чыгып кеткен. Эми биз тийиштүү мыйзам долбоорун сунуштоо менен сыртка чыгарылуучу товарлардын (экспорттук) бажылык алымдарынын ставкасын белгилөөнү талкууга коюудабыз. Орточо бажы алымы 20 пайыз болсо, мамлекеттик казынага 400 миллион сом киреше түшөт",- дейт Бакиров.