Орозо айына карата бир катар социалдык коргоого муктаж объектилерге жардам көрсөтүлдү

Орозо айына карата бир катар социалдык коргоого муктаж объектилерге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Сауд Арабия Падышачылыгынын кыргыз жергесиндеги элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума “Ардагер” пансионунун эс алуучуларын, Ленин райондук карылар үйүн, Свердлов районунун кароосуз калган балдар үйүн Орозо айы менен куттуктап, керектүү делген техника жана азык-түлүктөрүн белек катары тартуулады.

Кайрымдуулук иш-чарасына Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Абылаев жана “Ардагер” пансионунун директору Марипа Абдиева катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан