КРнын Футбол федерациясы 16-июнда болгон беттешке билет алып, бирок оюнга кире албай калгандардын акчасын кайтара баштады. Тактап айтканда, күйөрмандар федерациянын кеңсесине келип, бүтүн билеттерди көрсөтүп, акчаларын алып жатышат. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Асылбек Кадыралиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, билет сатууда алып сатарлар эреже бузушту. "Алар билетти 200 сомдон сатып алып, күйөрмандарга эң кымбаты 300 сомдон сатылышы керек эле. Алар биз менен болгон келишимди бузуп, ортодо билетти кымбаттатып жиберишти. Андан соң биз билеттин баасын көзөмөлдөй албай калдык. Азыр билеттин баштапкы баасын бүтүн билеттерин көтөрүп келгендерге берип жатабыз. Мисалы, 300 сомдук билетти күйөрман 500 сомго же 700 сомго алган болушу мүмкүн. Биз билеттин баштапкы баасы катары 300 сом гана төлөйбүз",- деди ал.