Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Конституцияны өзгөртүү демилгесин карап, биринчи окууда колдоду. Эми бул долбоор палатанын кароосуна жөнөтүлөт.
Айта кетсек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкү негизги маселелерге тиешелүү. Алар:
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жол-жобосу;
Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги, ошондой эле фракциядан чыгаруу маселелери;
Премьер-министр болуп шайланган депутатка отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги депутаттык кызмат ордуна кайра келүүсүнө мүмкүндүк берүү;
Жогорку Cоттун төрагасын жана төраганын орун басарларын Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо жана башка маселелер.