24-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюуга багытталган. Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттеринин ыйгарым укуктарына, ишмердүүлүгүнө тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "КР Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 10-11-беренелерине каршы келет. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык, өкмөт бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, анын ичинде маданият, илим, интеллектуалдык менчик, чөйрөлөрүндө. Ал эми мыйзамдын 11-беренесине ылайык, өкмөт мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга таянуу менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзам мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле салттуу билимдер жаатындагы укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди жөнгө салат, мындан тышкары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Ушуга байланыштуу сунуш кылынган мыйзам долбоору менен "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунуш кылынууда. Ага ылайык, өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктары алынып салынат.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жыйында ошондой эле “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду. Демилгени депутат Каныбек Осмоналиев алып чыкты.
Бул долбоор менен "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 1-беренесине түзөтүүлөр киргизилет. Анда 44-45-абзацтар гимназия жана лицей сыяктуу статустук мектептерде окуу процессин уюштуруу практикасына карама-каршы келип калган. Аракеттеги мыйзамдын 1-беренесинин 44-45-абзацтары 10-11-класстарда (жалпы орто билим берүүнүн) гимназиялык билим алууну болжолдойт. Бул өз кезегинде жалпы билим берүүчү уюмдун тибине жараша профилдик окутууну турмушка ашырууну иретке келтирүүнү, педагогикалык жана көмөкчү персоналды комплекттөөнү, окуу-усулдук материалдар менен жабдууну, ошондой эле окутуунун профилине жараша каржылоо маселелерин татаалдантат. Ошондой эле мыйзамдын колдонуудагы ченеми гимназиялык жана лицейлик класстарды (5-9-класстар жана 8-9 класстар) жабууга алып келиши мүмкүн.