Бишкекте таштандыга төлөнчү тарифтик баа 50 пайызга көбөйтүлөт

Бишкекте таштандыга төлөнчү тарифтик баа 50 пайызга көбөйтүлөт. Бул маселе бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын жыйынында талкууга алынды. Маалым болгондой, жарандар бир айга таштандынын чыгарылышына 22 сом 50 тыйын төлөшөт, жаңы тариф ушул жылдын 1-июлунан баштап кириши мүмкүн.

Ал эми юридикалык жана бюджеттик мекемелер үчүн төлөм айына 225 сомду түзөт. Тарифтер алар үчүн 1-январдан кирүүсү ыктымал.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников 3-4 миң сом алган пенсионерлер да 22,5 сом төлөшүнө каршы экендигин билдирди. 

Айта кетсек, буга чейин пенсионерлер акыр-чикирдин чыгарылышына 4 сомдон төлөп келишкен. Жыйын жүрүшүндө алар 22,5 сом эмес, 8 сомдон төлөшү мүмкүндүгү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан