26-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан 10 мыйзамдан турган ченемдик-укук актыларынын топтому каралууда.
Демилгечилердин бири депутат Эристина Кочкарованын айтымында, жаңы мыйзам долбоорлорунун башкы багыты кылмыш-жазыктык кескин жаза чараларынан баш тартып, соттолуучуларга таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, аларды эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирүү болуп саналат. "Сот реформасынын негизги багыты азыркы учурда иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процесстик мыйзамдарды, ошондой эле ишти сотко жөнөтүү жол-жоболоруна байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат",- дейт ал.
Депутат жаңы кодекстерде кылмыш жазаларын гумандаштыруу, жосун жазаларын декрималдаштыруу чаралары каралганын белгиледи. "Мисалы, жаңы Кылмыш кодексинин негизги багыты баштагы кескин чараларды колдонуу ыкмасынан кайтып, күнөөкөрдү эркинен ажыратуунун башка да чараларын кароо болуп саналат. Ошондой эле сотко чейинки жана сот жүрүмүндөгү териштирүүнүн жаңыча атаандаштык негиздери да киргизилүүдө",- деп кошучалады ал.