Жогорку Кеңеш 26-июнда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигинин курамына кошулушунун алкагында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, бир катар улуттук мыйзам жоболору ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө. Ал үчүн “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат.
Мыйзамдарга жаңы жоболор камтылган жок, тек гана техникалык түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мисалы, биздин бул мыйзамдардагы "табигый монополия" деген түшүнүк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарындагы "уруксат берилген монополия" деген сөзгө алмаштырылууда.