Ооруган адамга жакын туугандарынын гана органдары трансплантацияланат. Буга макулдук берген тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеш 2-окууда жактырды.
Документке ылайык, жакын туугандардын органдарын же ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилет.
Эми мыйзам долбоору 3-окууда каралып жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.