Өкмөт башчы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешовго сөгүш жарыялады. Муну бүгүн, 26-июнда өкмөттө өткөрүлүп жаткан жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, 16-июнда Австралия футбол курамасы менен жергиликтүү футболчулардын беттеши мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн. Бирок буга карата тиешелүү даярдык болгон эмес.
“Атайын
билет сатып алып футбол көрөм деген эл көчөдө калды. Бул боюнча
учурда Ички иштер министрлигине тапшырма берилип, баш аламандык уюштургандарга карата иш козголду. Эл билети туруп, стадионго кире албай калган соң, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги күнөөнү,
Кыргыз Республикасынын Австралия менен болгон оюнуна
билет сатып алып кире албай калгандар боюнча маселени Футбол федерациясына түртүп койду. Агенттик ири иш-чара өткөрүүгө
даяр эместигин көрсөттү”,- деди Сариев.