Быйыл Орусияда иштеген мигранттардын которгон акчасы 33 пайызга азайды

Быйыл Орусияда иштеген мигранттардан келген акча 33 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда өкмөттө жыйындын жүрүшүндө эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен жеке жактардын Орусиядан акча которууларынын дүң агымы 267,4 миллион долларды түздү.

“Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрүнөн 33 пайызга төмөн. Чет өлкөдөн Кыргыз Республикасына которулган акчалардын 90 пайыздан ашыгы Орусияда иштеген мигранттардан келет. Анын үстүнө түшкөн каражаттардын валюталык түзүмүнүн 70 пайызын орус рубли түзөт. 

Былтыр мигранттар Орусиядан 2,17 миллиард доллар которушкан”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chinara88
2015-06-26 17:32:53
Кобу эле чёрный списокто болсо кайдан акча салышмак.анан документтерди бир жансыл кылып беришсе жакшы болмок.чёрный качан жок болот экен билгендер болсо жазып койгулачы
0
kirgizstan
2015-06-26 17:42:40
chinara88,черный списоктон 200мин кыргыз жарандары чыгарылды деп жазып чыгышты эгер черный списокто болсон текшерип чыккан болсон жаза кет
0
Sezim.A
2015-06-26 18:10:53
Депортацияга да бир чарасын корушсо болмок.
0
bekzat.4496
2015-06-26 18:13:46
Мен чыкпапмын кара тизмеден качан чыгарат екен
0
jetinur90
2015-06-26 18:18:25
Кантип текшерет маалымат бере аласынарбы?
0
kubat_1973
2015-06-26 19:09:22
Олосолуу окмотубузго караганда ушул мигранттардан пайда кобуроок мамлекетибизге Жан талашып чиновник депутаттарды жеп ичкич прокурорлорду колдогуча мигранттарды колдоп азап тозогун азайтып берсенер кана акыйып жиберген акчасын санабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан