Кечээ, 26-июнда ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык наркология борбору, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Чүй-Бишкек аймактары боюнча башкармалыгы тарабынан 231 килограмм 378 грамм баңгизат жок кылынды.
Мыйзам боюнча, алынган бардык баңгизаттар, күчтүү таасир берүүчү каражаттар, кылмышкерлер жасап, сактап жүргөн баңгизаттар сот чечими күчүнө кирген соң жок кылынат. Жок кылынган заттардын 33 килограмм 182 граммы героин, 110 килограмм 266 граммы гашиш, 52 килограмм 720 граммы апийим, 31 килограмм 507 граммы кара куурай болгон.
Отко ташталган баңгизаттардын баасы мыйзамсыз чөйрөдө 500 миң долларга же болбосо 30 миллион сомго бааланат.