Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков фракциянын атынан "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдү талкалоо боюнча билдирүү жасады.
"Азыркы кезде Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча коомчулукта катуу талкуулар жүрүп жатат. Биздин фракция Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү боюнча популизмге алдырбай чечим кабыл алуу зарылдыгын өкмөткө билдирди. Мөңгүлөр боюнча ар кандай варианттарды талкууладык. КСДП фракциясы өкмөттүн стратегиялык жактан иштелип чыккан демилгелерин ар дайым колдоп келет. Тобокелчиликтерди байкасак, премьер-министрге "ар бир маселе боюнча биргелешип шайкеш келген жолдорду табуу керек" деп айтабыз. Айрым кесиптештерибиз аталган мөңгү маселесинен саясий упай топтоого аракеттенгени көрүнүп турат.
Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн 1994-жылдан бери ушундай абалга жеткенине мурдагы бийлик, мурдагы парламент күнөөлүү. Лысый жок болду, Давыдовдун жарымы жок. Ошондуктан кесиптештерибизди популизмден алыс болууга чакырабыз",- деген Турсунбеков "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарынын мөңгүлөр боюнча айткан пикирлерин сындады.