Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө ар жылдык маалыматын берди.
Жамашеванын баяндамасы бүткөн соң депутаттар маалыматты эске алуу чечимине келишти. Тийиштүү мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун төрайымынын маалыматы парламентте суроо-жоопсуз каралат.