Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-июнда "Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөт 2002-жылкы Аксы окуясында жабыр тарткан адамдардын ай сайын берилүүчү жөлөк пулун 3700 сомго чейин көтөрүү чечимине келген. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, социалдык акыйкаттуулукту камсыз кылууга багытталган бул жөлөк пул эң төмөнкү киреше көрсөткүчүнөн 3 эсе жогору өлчөмдө белгиленүүдө.