Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Эркин Сакебаевдин баяндамасына ылайык, мыйзам долбоору «1 адам - 1 паспорт - 1 ПИН» принцибинде документ берерде жеке идентификациялык номер ыйгарууну тартипке салууга багытталган. Мыйзам долбоору менен Социалдык фонддун жеке идентификациялык номерди ыйгаруу боюнча иш-милдетин Мамлекеттик каттоо кызматына берүү сунуш кылынат.
"Жалпысынан сунуш кылынган мыйзам долбоору бир адамга бир персоналдык, жеке номерди ыйгарууну максат кылат. Анткени персоналдык жеке номерди алмаштыруу ар кандай түрдөгү коррупциялык жагдайларды пайда кылышы мүмкүн, издөөдө жүргөн жарандарды, ошондой эле экстремисттерди, чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча кооптуу жагдайларга алып келиши ыктымал жана мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет",- деди Сакебаев.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.