"Ош базарындагы" соодагерлер жол четинде соода кылгандарга каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 29-июнда "Ош базарындагы" 50дөн ашуун соодагер Ак үй алдына өз нааразычылыгы менен чыкты. Алар базардын сыртында отуруп соода кылып жаткандардын ишине нааразы. Алардын айтымдарында, базар сыртындагы соодагерлер кардарларга базар ичине кирүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт. 
"Биз ар бир отурган орундук үчүн айына орточо эсеп менен 10 миң сомдон акы төлөйбүз. Арабада соода кылгандар күнүнө 20-30 сом берип кутулушат. Буюмдарын арзан алып, арзан сатышат, сапатына эч кандай кепилдик беришпейт. Тилекке каршы, эл билип-билбей эле алар саткан буюмдарды сатып алат. Ал эми ичкериде соода болбой, карызга батып, насыяларыбызды төлөй албай жатабыз. Сыртка чыгып алалы дейбиз, бирок "Базардын абалы кантет?" деп кыжалат болуудабыз",- дешти алар. 
Сатуучулар Бишкек шаардык мэриясына кайрылып, бирок бир жылдан бери жооп болбой жаткандыктан, Ак үй алдына чыгышыптыр. "Мэрия эч бир ишти бүткөрө албайт, канча ирет кайрылдык, жооп болгон жок. Эми минтип үмүтүбүздү Жогорку Кеңештин депутаттарына артып отурабыз. Маселени бүгүн чечип берүүсүн талап кылабыз",- деди өзүн Айгерим деп тааныштырган соодагер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sezim.A
2015-06-30 02:09:08
Тооба,ар кимдин оз ырыскысы болот эмеспи,кудайым ырыскысы тугоп калганда гана оз жанына алат пендесин.Ошого да шугур деп отура беришпейби,бул жай мезгилин мертвый сезон деп коет,балким ошого соода болбой жатса митингке чыгып алышканын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан