"Еревандагы митингчилердин арасында өлкөдө тополоң чыгарууну көздөгөн күчтөр жүрүшөт" деди премьер-министр Абрамян

"Армениянын борбору Еревандагы митингчилердин арасында нааразычылык акциясын эмес, өлкөдө тополоң кылууну көздөгөн күчтөр жүрүшөт". Муну аталган өлкөнүн премьер-министри Овик Абрамян өз билдирүүсү аркылуу жарыялады. Билдирүүдө: "Митингчилердин арасында электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшүнө каршы эмес, мамлекетте туруктуулукту бузуу жана биздин жарандарды конфронтацияга түртүүнү максат кылган күчтөр пайда болду. Бул адамдар биринчи планга социалдык же экономикалык маселелерди эмес, келечексиз амбицияларын чыгарышты",- деп айтылат. 
Армениянын өкмөт башчысы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экенин белгилеп, жарандарды мыйзамсыз иштерди жасабоого чакырды. 
Ереванда бир топ күндөн бери массалык нааразычылык акциясы уланууда. Топтолгондордун башкы нааразычылыгы - электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан