Ош облусунун Алай районундагы объекттердин курулушуна жыл башынан бери республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 7,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Каржы министрлигинен билдиришти.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Алай районунда республикалык бюджеттин эсебинен 11 социалдык мекеме: 1 бейтапкана, 1 фельшердик-акушердик пункт, 2 бала бакча, 4 мектеп, 3 спортзал курулууда. Мындан тышкары Алай районунда түркиялык насыянын эсебинен Кызыл-Алай, Аюу-Тапан айылдарындагы 2 мектеп курулуп бүтүп, колдонууга берилсе, Сары-Могол, Жаңы-Арык айылдарындагы 2 мектептин курулушу аяктоо алдында турганы айтылды.