Бишкекте 26-июнда кыргыз өкмөтү менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ортосунда фонддун кыргыз өлкөсүнүн аймагында болуу шарттары тууралуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун максаты - фонддун кыргыз жеринде иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Каржы министрлигинин билдиришинче, документке каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметова кол койду.
“Эл аралык уюм жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 24-ноябрындагы “Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жөнүндө” макулдашууга ылайык, фонд эл аралык укуктагы субъект статусуна ээ. Ушул макулдашуунун 6-беренесин жетекчиликке алып, бүгүн биз Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык уюм катары фонддун функционалдык укуктарын жөнгө сала турган документке кол койдук”,- деп билдирди Ахметова.