Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы тууралуу" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ парламент тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.
Мыйзам Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу, мындан тышкары аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алууга байланыштуу колдонуудагы мыйзамдын айрым боштуктарын жоюуга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.