Өкмөт башчы: "Биз тандоонун астында турабыз. Мөңгүнү сактап калабыз деп кенди иштетүүнү токтотсок, чоң экологиялык кырсыктар башталат"

"Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдү оодаруу талап кылынары 1989-жылы эле белгилүү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Темир Сариев архивдеги документтерге таянып билдирди. Жыйында “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы №4841-V токтомунун өкмөт тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралуу” токтом долбоору каралып жатат.

Сариевдин айтымында, "Кумтөрдө" иш башталгандан бери мөңгүлөр жылдырылган жок. "Биз тандоонун астында турабыз. Мөңгүнү сактап калабыз деп кенди иштетүүнү токтотсок, чоң экологиялык кырсыктар башталат. Эгерде иштетсек, мөңгүлөрдү кесиш керек болот. Биз сиздерди туура түшүнүүгө чакырабыз. Өкмөттүн атайын буйругу менен эксперттик топ түзөбүз. Ал кендеги мөңгүлөрдү изилдеп, жыйынтыгын чыгарат. Ошондой эле "Мындай кырдаалда жер астында иштөөгө мүмкүнбү?" же "Ишти токтотсо кандай тобокелчиликтер бар?" деген сыяктуу суроолорго жоопторду таап берет",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан