“Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төккөндүгү үчүн эсептелген каржылык санкцияларды эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана толук төлөбөгөндүгү үчүн каржылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ парламент тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган. 
Мыйзам камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүчүлөрдүн каржылык-экономикалык абалын чыңдоо, турукташтыруу жана колдоо, алардын мурунку жылкы карыздарын толук төлөөсүнө түрткү берүү жана Социалдык фонддун дебитордук карызын азайтууга багытталганы айтылды. 
Мыйзам менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздары бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө 2009-жылдын 1-январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн карыздарга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген каржылык санкциялар жана туумдар эсептен чыгарылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда – эсептелген каржылык санкциялардын жана туумдардын 100 пайызы, 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө – 80 пайызы, 2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө – 60 пайызы, 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө – 40 пайызы, 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө – 20 пайызы, жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон дыйкан чарбалары жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда каржылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз көлөмдө эсептен чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016-жылдын 1-майын чейин колдонулат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан