Жыл башынан бери балдарга зомбулукту болтурбоо үчүн 195 048 үй-бүлө көзөмөлдөндү

Жыл башынан бери балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 195 048 үй-бүлө көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган министрликтен билдиришти. Учурда мамлекетте 18 жашка чейинки 2 миллион 235 400 бала бар экени, аларга карата орой мамилени болтурбоо үчүн 10 мекеме жана Бишкек, Ош мэриялары чукул кырдаалдар планына кол коюшканы айтылды. Балдардын укугун коргоо багытында 528 штаб түзүлгөн.  
Жыл башынан бери көзөмөлгө алынган үй-бүлөлөрдүн саны аймактар боюнча:
Ош облусу - 41 857
Чүй облусу - 40 242
Жалал-Абад облусу - 38 222
Талас облусу - 23 657
Ысык-Көл облусу - 18 107
Нарын облусу - 12 416
Баткен облусу - 12 068
Бишкек шаары - 8479
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан