Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салык жаатындагы укуктары кеңейтилүүдө

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык жаатында укуктарды берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Демилгечи депутат Алла Измалкованын айтымында, бул мыйзам долбоору Салык кодексинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууга тиешелүү ченемдерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүүнүн зарылдыгынан иштелип чыккан. олбоордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга, банк мекемелери жок болгон алыскы айылдарда салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын өкмөт белгилеген тартипте кабыл алууга укуктуулугу белгиленген",- деди Измалкова.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан