Өлкөнүн башкы токсикологу Нурлан Ибраимов 48 жашында көз жумду

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Ибраимов 29-июнда өз үйүндө көз жумду. Анын сөөгү эртең, 1-июлда Орто-Сайдагы көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дарыгердин кесиптештери билдиришти.
Маркум мындан 3 жыл мурда иш учурунда сарык оорусун жуктуруп алган. Анын диагнозу "сарыктын С түрүнөн улам жаралган боордун циррозу" деп айтылган эле.
Нурлан Ибраимов Кыргыз Республикасында гана эмес, чет өлкөлөргө да барып дарыланып көргөн, бирок жыйынтык жакшы болгон эмес. Анын боорду которуу операциясына муктаж экени айтылган. Андай операцияга 80-100 миң доллар керектелери белгилүү болуп, кайрымдуулук акциялары өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kadamjai90
2015-06-30 13:17:27
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Medina87
2015-06-30 13:25:18
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
marmiladka9
2015-06-30 13:58:38
окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун!
0
nelya88
2015-06-30 14:29:22
Иий,ооруп жаткан кезиндеги репортажын кордум эле,айыгып кетсе экен деп тиледим эле...Окунучтуу...Кадыр баркка ээ болгон,эл сыйлаган адам эле.Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан