Асылбек Жээнбеков менен Равшан Жээнбековдун кайым айтышы уланууда. Төрага: "Сизде абийир болсо, эчак депутаттыктан кетет болчусуз"

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште депутат Равшан Жээнбеков төрага Асылбек Жээнбековго карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурадан суранды. 

Жыйында Равшан Жээнбеков: "Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин добуш берүүгө 2 жолу койгонуна байланыштуу төрага мамлекеттик жогорку деңгээлдеги адам катары кызматтык абалынан пайдаланды. Ошондуктан расмий түрдө Башкы прокуратурага кайрылам. Бул маселе боюнча жооп беришин талап кылам. Жооп бергенге чейин Клара Сооронкуловага байланыштуу маселе күн тартибине киргизилбеши керек",- деп билдирди.

Депутатка төрага Асылбек Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди: "Өлкөдө ар бир жарандын сотко, прокуратурага кайрылууга укугу бар. Укугуңузду колдонуңуз. Айрым массалык маалымат каражаттары добуш берүү тууралуу маалыматты туура эмес берип жатышат. Ал туура эле өткөн. Бирок биринчи добуш берүү эмне үчүн токтотулду? Анткени Равшан Жээнбеков жыйында тополоң чыгаргандыгынан добуш берүү толук кандуу өтпөй калды. Парламентте жалгыз депутат көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошондуктан депутаттардын чечими менен добуш берүү кайрадан өттү",- деди төрага.

Спикер депутат Жээнбековдун аракети боюнча буларды кошумчалады: "Жогорку Кеңеш мушташа турган жер эмес! Сиз парламентте иштеп туруп "Жогорку Кеңеш кетсин!" деп митингге чыгып жүргөнсүз. Эми уялбай бул жерде иштеп жатасыз. Сизде абийир болсо, эчак депутаттыктан кетип калышыңыз керек эле. Сизден башка бирөө болгондо кетип калмак. Мейли, прокуратурадан жолугушабыз".

Айта кетсек, кечээ, 29-июнда парламенттин жыйынында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга добуш берүүдө Р.Жээнбеков "Конституциялык палатаны бузуп жатасыңар!" деп кыйкырып, залда ызы-чуу жараткан. Депутат Акылбек Султанов Равшан Жээнбековду сыртка "сүйлөшүүгө" чакырып, экөөнүн ортосунда мушташ чыгып кете жаздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан