Бишкектин тургуну курулуш материалдарын жана таштандыларды жолго жыйнап, өтүүгө тоскоолдук жараткан. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Санитардык-экологиялык инспекция Красная көчөсүндө жайгашкан №4-үйдүн ээси турак жайынын түштүк-батыш тарабына унаа өтчү жолду бойлой курулуш материалдарын жана таштандыларын ыргытып, шаардын көркүн бузганын аныктаган. Рейддин жүрүшүндө аталган инспекциянын кызматкерлери тарабынан үй ээси Ж.Кошокованын атына Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ал Ленин райондук администрациясынын кароосуна жөнөтүлдү.