Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчилиги мечиттеги жардыруу жана Тунистеги туристтердин каза табышына байланыштуу кувейт тарап жана Орусиянын Тунистеги элчилиги менен байланыш түздү. Теракттан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз өлкөсүнүн жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Кувейтте 80дей Кыргыз Республикасынын жараны бар. Тунисте кыргыз жеринен барган канча жаран бар экени такталып жатканы айтылат маалыматта.