Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында "Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды. Бул долбоор сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталган. Демилгечилердин айтымдарында, бул мыйзам долбоору менен "кремация" (өлгөн адамдын денесин өрттөө), "колумбарий" (кремациядан кийин күл салынган үкөктөрдү сактооч) жана "крематорий" (өлгөндөрдү өрттөөчү (кремациялоочу) меш) деген түшүнүктөр алынып салынмакчы.