Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты. Министрликтин Москва шаарына өкүлчүлүгүн ачуу жана анын ишин жолго салуу үчүн жумшала турган 20 миллион сом өлчөмүндөгү каражат республикалык бюджетте каралган. Өкүлчүлүктүн негизги милдети - Орусия аймагында иштеген эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо.