Жогорку Кеңештин өргүү алдындагы акыркы жыйыны аяктады. Эми депутаттар сентябрда жумушун улантышат.
Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарына ыраазычылыгын билдирди. "Көпчүлүк коалиция тараган күндөрү да силер тез арада туура чечим чыгарып, парламентте туруктуулукту орнотуп турдуңар. Өкмөт жана президенттин аппараты менен биргеликте мыкты иш алып бардыңар. Демократиялык башкарууга парламент туура багыт тандады",- деп кайрылды Нарымбаев.
Мындан тышкары премьер-министр Темир Сариев да депутаттарга өкмөт менен тыгыз иштегени үчүн ыраазычылыгын айтты. "Парламент өкмөт сунуштаган 182 мыйзам долбоорунун 117син кабыл алды, калгандары 2, 3-окууда калды. Бул чоң көрсөткүчтөр. Ошондой эле парламент Евразиялик экономикалык биримдикке кирүү боюнча эң чоң тарыхый чечимди колдоп берди. Биз үчүн бул чоң тарых, чоң мүмкүнчүлүк, чоң атаандаштык",- деди Сариев.
Андан соң өкмөт башчы депутаттарды бүгүн Бишкектеги ресторандардын биринде өтчү майрамдык иш-чарага чакырды. "Үй-бүлөңүздөр менен келиңиздер. Ал жерде "тамашоучулардын", артисттердин катышуусунда көрсөтүүлөр болот",- деп билдирди премьер-министр.
Отурумду жабуу аземи мамлекеттик гимн менен аяктады.