Нарын облусунда жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат

Быйыл Нарын облусунун аймагындагы 19 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Транспорт жана коммуникация министрлигинин №3-Унаа жолдор башкармалыгынын Нарын облусу боюнча башкы инженери Калысбек Базаров билдирди.
"Анын ичинен Нарын - Үч-Нура унаа жолуна 4,5 чакырым асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө 3,7 чакырымы бүткөрүлдү. Мындан сырткары Ак-Тал-Чат - Казарман унаа жолунда 3,5 чакырым,
Ат-Башы - Босого унаа жолунда 4,7 чакырым, Баетов - Макмал унаа жолунда 1,5 чакырым жана Жумгал районунда 4 чакырым жолдун негизи даярдалып, суу өтүүчү түтүктөр коюлуп, асфальт төшөө жумуштары башталганы турат"
,- деп кабарлады адис.
Ошондой эле ал өкмөттүн демилгеси менен шаарлардын 18,9 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөө каралып, жакынкы арада тендер жарыяланарын баса белгиледи. "Ошону менен Нарын шаарында 6,75 чакырым, Баетов айылында 4,55 чакырым, Ат-Башы айылында 4,6 чакырым жана Жумгал районунда 3 чакырым жолго асфальт төшөө пландалып жатат",- деди Базаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
konya
2015-06-30 20:10:05
Ааламга кетчу жол айылдагы асфальт жолдон башталат.
-2
fanatka19
2015-07-01 18:32:01
Сонун кабар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан