Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн жарыгы калыбына келтирилди

Бишкектеги Малдыбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жөө адамдар өтчү көпүрө чырактары калыбына келтирилди. Муну бүгүн, 30-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, буга чейин көпүрөдөгү чырактар бирөөлөр тарабынан сындырылган. Мындан улам шаардыктар кечкисин көпүрө аркылуу өтүүдө ыңгайсыздыктарга дуушар болушчу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов керектүү делген каражаттарды бөлүп берген. Калыбына келтирүү иштерин "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы аткарды.

Октябрь райадминистрациясы шаардыктарды муниципалдык буюмдарга камкор мамиле жасоого чакырып, жаңы коюлган жарык бергичтер көпкө иштеп берерине ишенет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
konya
2015-06-30 23:31:12
аябай чон иш болгон турбайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан