Азербайжан мамлекетинин президенти Ильхам Алиев жубайы Мехирбан Алиеваны атасы Гейдар Алиев атындагы (мамлекеттик жогорку даражадагы) орден менен сыйлады. Бул тууралуу жарлык 29-июнда чыгарылганы өлкө башчынын расмий сайтына жайгаштырылды. Мехирбан Алиевага бул сыйлык I Европа оюндарын уюштурууга жана азербайжан элинин улуттук маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга кошкон зор салымы үчүн берилди.
Ал 12-июндан 28-июнга чейин Азербайжанда өткөн “Баку-2015” I Европа оюндарын уюштуруу комитетинде төрайымдык кылды.