Июль айында Орусиядагы 49 миңден ашуун кыргыз мигранттары "кара тизмеден" чыгарылат

Июль айынын ортолорунда Орусиядагы 49 миңден ашуун кыргыз мигранттары "кара тизмеден" чыгарылышат. Бул тууралуу 1-июлда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, элчи Болот Жунусов жана эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары А.Асанбаев Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы К.Ромодановский менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды.

К.Ромодановский мамлекет башчылардын катышуусунда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен орус тарап КРнын 49 миңден ашуун жаранын "кара тизмеден" чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди. Ошондой эле мындай чечим июль айында күчүнө кирерин белгилеген.

Эгер КРнын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө үч жылга тыюу салынып, ал убакыттан бир жарым жыл өткөн болсо, алар да "кара тизмеден" чыгарылышы мүмкүн. Жеңилдик өлкө аймагына кирүүгө 5-10 жылга чектелген жарандарга тиешелүү эмес. Мындан сырткары соттун чечими менен Орусиядан чыгарылгандар да "кара тизмеден" чыгарылбайт. Бул категориядагы мигранттардын саны 3 миңге чукул.

Андан тышкары кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусияга 10-июлдан 1-ноябрга чейин тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат. Өлкө аймагына кирерде эмне максатта Орусияга келип жатышканын так көрсөтүшү (мигранттар "жумуш үчүн" деп жазышы керек) зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан