Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 29-июнда Анкара шаарына иш сапары менен барган Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин делегациясы менен жолугушту. Элчиликтин билдиришинче, кыргыз делегациясы Түркияга Кечиорен райондук муниципалитети менен ишкердик байланыштарды түзүү жана Орозо айына карата уюштурулган фестивалга катышуу үчүн барды.
Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасы менен Түркиянын эки аймагынын ортосундагы байланышты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, муниципалдык башкаруу тармагында Түркиядан тажрыйба алуу кызматташтыгынын потенциалын белгиледи.
Делегация өкүлдөрү иш сапардын алкагында өткөн расмий жолугушуулар, алардын жыйынтыктары тууралуу элчиге маалымат беришти.