Өлкөгө жылына 10-12 миллиард сомдук дары каражаттары ташылып келип жатканын билдирген депутат ошол дарылар 12 пайыздык кошумча киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады. "Мен жогорудагы салыктын түрүн колдонууну сунуштап жатам. Эгер ал негиздер ишке ашып кала турган болсо, мамлекеттин казынасына кеминде 1 миллиард 200 миллион сом киреше түшмөк",- дейт Балтабаев.
Депутат дарылардын рецепттери жок берилип жатканы өтө кооптуу экендигин айтып, жайма базардагы сатылып жаткан дары-дармектерге басым жасады.