Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 30-июнда өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жетекчилигинин жана кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Кеңешменин өткөрүлүшүнө аталган кызмат өкүлдөрүнүн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендиги боюнча кармалган бир катар фактылардын орун алуусу себеп болгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.
“Акыркы 10 күн ичинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын 6 кызматкери камакка алынды. Бул фактылар Финансы полициясынын органдарын гана уятка калтырбастан, мамлекеттик бийликтин жалпы тутумунун аброюна шек келтирүүдө”,- деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле тартип жана көзөмөл боюнча көйгөй бир гана көрсөтүлгөн башкармалыкта эмес, мамкызматтын бардык деңгээлинде жана бардык түзүмдөрүндө орун алганын белгиледи Маматалиев.
Маматалиев аталган кызматтын жетекчилигине: “Эмне себептен кызматкерлер арасында тийиштүү тарбия иштери жүргүзүлбөйт, аталган фактылардын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар кабыл алынбайт? Өздүк коопсуздук, кадрдык кызмат, төраганын орун басарлары эмне иш кылышууда?"- деп кайрылды.
Андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматтын төрагасынын орун басарларынын, ошондой эле бир катар түзүмдүк бөлүм жетекчилеринин орун алган фактылар боюнча маалыматы угулду.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлерин кармоо фактысынын себептерин аныктоо үчүн иштиктүү топ түзүлгөнү айтылды.
Ыкчам кеңешме жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр тарабынан бир жумалык мөөнөттө кызматтык жактардын тартиптик жоокерчилигин кароо маселеси тапшырылды. Мында өзгөчө көңүлдү кызмат ичиндеги жамааттын моралдык-психологиялык абалына буруу жагы да эскертилди.