Өкмөт башчы Темир Сариев "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакхини кабыл алды. Жолугушууда тараптар аталган фонд менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулашканын өкмөттөн 1-июлда билдиришти.
Темир Сариев кыргыз өкмөтү "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун кыргыз жериндеги аткарган ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана мындан ары да көп тараптуу кызматташтыктын бекемделишине маани берерин билдирди.
Шамш Кассим-Лакхи фонд ишке ашырып жаткан Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин курулушу аяктоо алдында, 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл аларын маалымдады. Муну менен катар билим берүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу планы бар экенин кошумчалады.