2015-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 594 миллион 177 миң долларды түздү. Мунун 3 миллиард 367 миллион 77 миң доллары тышкы карыз, 227 миллион 99 миң доллары ички карыз экенин билдирет Каржы министрлиги. Мамлекеттик карыз 2015-жылга божомолдонгон ички дүң продукциянын 47,2 пайызына туура келери айтылды. "Тышкы карыз 2015-жылга божомолдонгон ички дүң продукциянын 44,2 пайызына туура келсе, ички карыз 3 пайызына туура келет",- деп билдирди мекеме.