Владимир Жириновский: "Ысык-Көлдү сатуу сунушумду экономикалык каатчылыктан чыгуу жолу катары эле айткам"

"Ысык-Көлдү сатуу сунушумду экономикалык каатчылыктан чыгуу жолу катары эле айткам",- деп 30-июнда казакстандык журналисттерге Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский билдирди.

"Ал кезде Кыргыз Республикасынын чоң тышкы карыздары бар болгону тууралуу кептер айтылып турган. Ошондо мен айткам, "Ысык-Көлдү сатсаңар, көптөгөн акча түшөт" деп. Муну мисал катары эле билдиргем. Греция аралдарды сатып жататБирок Ысык-Көлдү сатуу боюнча айтканыма ызы-чуу чыгарышкан. Мен мисал эле келтиргем. 

Кыргыз жеринде бермет бар: ал - Кара деңизден мыктыраак жылуу көл. Аны ижарага берүү, сатуу, анын атын алмаштыруу мүмкүн. Адамдар Ысык-Көл эмне экенин билишпейт. Көбү Түркияга барышат. 

Кыргыз парламентинде ызы-чуу чыгарышып, мени "кара тизмеге" киргизүүнү талап кылышкан. Мен болгону экономикалык кризистен чыгуу жолун сунуштагам. Биз деле убагында Алясканы сатып салганбыз. Эми биз Алясканы сатканыбызды сөгүп эстешибиз керекпи? Эч ким эч кандай провокациялоону сунуштаган жок. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерди бири-бирине кайраштырууну каалаган батыш журналисттери провокация кылышууда",- деди орусиялык саясатчы.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Жириновский “Орусия Кыргыз Республикасынын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу. Ал эми ошол жылдын 15-майында Жогорку Кеңеш Жириновскийди кыргыз өлкөсүнө киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан