Кыргыз жеринде жаратылыш газы 76 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер июль айында газдын метр кубуна 14 сом 35 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 13 сом 59 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда (1-июлга карата доллардын курсун 62 сом 14 тыйын деп алуу менен). Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 17 сом 57 тыйын деп бекитилди. Өткөн айда жаратылыш газы 28 тыйынга арзандаган же 13 сом 87 тыйындан 13 сом 59 тыйынга түшкөн эле.
Белгилей кетсек, өкмөт газдын тарифи мындан да көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. 26-июнда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башчысы Болот Абилдаев премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуп, компания өкмөткө жаратылыш газынын тарифтерин акырындан көтөрүү өтүнүчү менен кайрыларын билдирген.